Дүйнө жүзүндөгү калкы эң бактылуу өлкө аталды

Дүйнө жүзүндөгү калкы эң бактылуу өлкө болуп Финляндия табылды. Бул тууралуу чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарында жазылды.

Финляндия өлкөсү төртүнчү ирет калкы эң бактылуу өлкө аталды. Рейтинг боюнча алдыңкы он өлкөгө Исландия, Дания, Швейцария, Нидерланды, Швеция, Германия, Норвегия, Жаңы Зеландия жана Австрия кирди. Бул рейтингде АКШ 14-орунга илинсе, Улуу Британия 18, Франция 20, Орусия 60-орунду камсыздады. Мурдагы СССРдин курамына кирген өлкөлөрдөн Эстония 28, Литва 29-орунга илинген.

Ал эми дүйнөдөгү калкы эң бактысыз өлкө болуп Зимбабве жана Танзания өлкөлөрү табылган. "World Happiness Report" басылмасы бул рейтингди Бириккен улуттар уюму менен биргеликте жыл сайын жарыялап турат. Анда жалпысынан дүйнөнүн 149 өлкөсү бааланат. Рейтингди түзүүдө эксперттер жашоонун узактыгы, социалдык колдоо жана коргоо, коррупция, эркиндиктин деңгээли, жашоо-шарттын жалпы критерийлерине көңүл бурушат. Рейтинг 2012-жылдан бери жарыяланып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
rysik79
2021-03-20 21:56:51
Биринчи орун Кыргызстан турат сурамжылоосу ката!!!
+6
aslonur
2021-03-20 22:07:36
rysik79,биринчи орун эмес, эн мыкты олконун катарында турабыз, мындай олко бирдин алдыда турат да
+6
KaGaH
2021-03-20 22:15:33
aslonur,арка жактан 1 чи
+10
nur85
2021-03-21 12:36:23
KaGaH, Тобоо деңиз. Чыныгы бактысыздар жашаган өлкөлөрдөн бир сөөм өйдөбүз Аллага шүгүр. Элибиз ачкалыктан суусундуктан жапырт кыйналбайт
+3
Mister-XXX
2021-03-21 07:26:10
aslonur,Тиленинерди берсин!Бактылуу өлкөгө айланалы!
+3
portugalia
2021-03-20 22:38:07
Биз да бактылуу калк болуп,ошолордун катарына кошулуп калалы!
+9
Jonisem
2021-03-20 23:36:52
Ушунча жашап жатканыбызга шүгүр бар нерсеге шүгүр кылалы жок нерсеге жетебиз
+14
AykaMer
2021-03-21 01:07:47
Биз митинг боюнча биринчи орунда турабыз...))))
+8
Take.77
2021-03-21 06:59:01
Озбекстан 42 орун Казахстан 47 орун Кыргызстан ....

+1
Rusi79
2021-03-21 07:49:24
Оюна келгенин оттой берет да каяктан билиптир Ким бактылуу экенин.Эн бактылуу Кыргызстан, эмнеге?
Ар ким каалагандай жашайт,законду уруп да ойнобойт,кундо той,демократия ар бирибиз тасыккан саясатчыларбыз(ишенбесен либойунан сура саясатты),кундо митинг(любой темада катуу осурсан деле чыга бер),элибиз саякатчы Бут дуйнону кыдырып(за одно иштегенчее) журушот, кыскасы ушу
+10
Omyke
2021-03-21 10:51:12
Кыргызстан омуру илинбесе керек бактылуу олкого, Бишкекте моршурутта журуп коргуло бакытты сезесинер,
+1
abusait
2021-03-21 11:48:43
Omyke,жыттуу да десен..
0
Real_mir
2021-03-21 12:06:02
Алхамдулиллах Бактылуумун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан