"Кымыздык, куруттап... жасалат". Нооруз майрамы өлкө аймактарында кандай белгиленет? (сурамжылоо)

Бир топ өлкөдө жаңы жылдын алгачкы күнү катары белгиленип, жаздын жарчысы катары кабыл алынган Нооруз майрамы кылымдар бою белгиленип келет.

Миңдеген жылдар өтсө да бул майрамдын формасы менен маңызы болгону болгондой сакталып, чыныгы элдик майрам бойдон калууда.

Нооруз майрамын утурлай шаарларда, облус, район борборлорунда, айыл өкмөттөрдө майрамдык иш-чаралар уюштурулуп, калкка жагымдуу маанай тартууланары айтпасак деле белгилүү. Ал эми аймактарда калк Ноорузду кандай майрамдарына, кандай өзгөчөлүктар бар экендигине кызыгып, сурамжылоо жүргүзүп көрдүк.

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылынын тургуну Кымбат эже ар бир үйдө сүмөлөк жасаларын айтып берди.

"Биз жакта бул майрамга мурда көп маани берилчү эмес. Акыркы убактарда жакшы көңүл бурулуп калды. Нооруз майрамынын эң негизги белгиси сүмөлөк да. Менин билишимче, айылда ар бир үй буудай өндүрүп, сүмөлөк жасоого аракет кылышат. Кадимкидей эле дасторкон жайылып, жаңы жылды жакшы тилектер менен тосуу үчүн аруу ниеттер, тилектер айтылат. Бир туугандар болсо бири-бирибизге сүмөлөк беришебиз. Бизде майрам абдан жакшы маанайда өтөт. Дагы бир жакшы жагы Нооруз майрамында алкоголдук ичимдиктер ичилбейт.

Ак-Муз айылында учурда аба ырайы суук болгондуктан, ар бир үй-бүлө үйүндө сүмөлөк жасайт.

Азыркы учурда жаз келгени менен айылыбыз абдан суук, кар кете элек. Чогулуп, сыртта сүмөлөк уюштурууга мүмкүн эмес. Ошондуктан ар бир үй өзүнчө сүмөлөк жасайт. Мындан сырткары улуттук тамак-аштар: боорсок, бозо, жарманын түрү, курма чай жасалат. Айыл тургундары атайын кышка камдап койгон кымыздарын ачып жатат.

Ал эми кичи спорт аянтчасында спорттук оюндар уюштурулду", - деди Кымбат эже.

Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айылынын тургуну Керез Сарыбаева аталган аймакта Нооруз майрамы кандай өткөрүлөрүн айтып берди.

"Бизде Нооруз майрамы өзгөчө майрамдалат. Алгач эле эл аруу тилектер менен короо жайын арча түтөтүп, аластап чыгышат. Майрам алдында, атап айтканда 20-мартта эле сүмөлөк бышырылат. Азыркы учурда сүмөлөктү 2-3 үй биригип алып жасап калышты. Биринчи буудайды өндүрүп алышып, жууп-тазалап андан соң 12 саат бою келин-кезек уктабай сүмөлөктү кайнатышат. Алгач сүмөлөк бышыруудан мурун оймо (токоч) салынат. Келген конокторго мал союлуп, эт тартылат. Бул арада кыз-келиндер жигиттер менен сармерден уюштуруп, ыр ырдап, күлкү-шаң менен жарышат. От жагып, жаштар андан аттап өтүп оюн курушат. Мындан сырткары кыргыздын улуттук оюну болгон ак чөлмөк ойнолот.

Казанды ачканда сүмөлөккө ар кандай белги түшүп калат экен. Ар бир келген конок сүмөлөк ооз тийишет. Андан кийин келгендерге аталган даам таратылат.

Ал эми 21-мартта кадимкидей эле жамаат менен майрамды белгилешет. Анда кара мал (тай, уй же кой) союлуп, үй ээси конокторду күтөт. Ноорузду белгилеп жаткан үйгө куру кол барышпайт. Түрдүү таттуулардан дасторкон жасап алып барышат. Майрамдын негизги тамактары катары көчөгөйө (күн мурунтан буудайды жанчып алып, ар түрдүү жети даам кошулат) тамагы жасалат.

Майрам күнү тушоо кесүү аземи өтөт", - деди Керез Сарыбаева.

Ал эми Чүй облусунун Кемин районунун тургуну Гүлсина Исмаилова майрам күнү улуттук тамак-аштардын түрлөрү жасаларын билдирди.

"Бул күнү улуттук тамак-аштардын түрү жасалат. Олобо (малдын өпкөсүнө сүт, сары май кошулат), сүмөлөк жасалат. Дасторконго калама, каттама, жупка, боорсок, чөбөгө, сары май, бозо жана башка тамак-аштарды коёбуз.

Сүмөлөктү башка жакта кандай жасайт билбейм, бизде жалаң дандын жети түрүн (буудай, сулуу, арпа жана башка) кошуп жасашат. Аны 24-25 саатка чукул кайнатат. Уруу, жамаат болуп чогулуп алып, сүмөлөк жасайбыз. Мурун чоң от жагып алып, анын үстүнөн аластаган ырым бар болчу. Азыркы учурда ал колдонулбай калды. Алгач улуу аксакалга сөз берилип, анан майрам башталат.

Эр-жигиттер көк бөрү оюнун ойношот", - деди Гүлсина Исмаилова.

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айылынын тургуну Мадинакан Эргешова Нооруз күнү 14 үй-бүлө чогулуп, сүмөлөк жасарын айтты.

"Элибизде байыртадан бери Ноорузда күн менен түн теңелип, жерге чөп чыгып, көктөм мезгили өкүм сүрүп баштайт деген улуу түшүнүк жашап келет да.

Биз Нооруз майрымында 14 үй-бүлө чогулуп алып сүмөлөк жасайбыз. Мындан тышкары улуттук тамак-аштардын түрлөрү жасалат. Улустун улуу күнү кой союлуп, быжы даярдайбыз. Ар жылы эски жылды узатып, жаңы жылды жакшы тилектерди айтып тосуп алууга аракет кылабыз", - деди Мадинакан Эргешова.

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кош-Дөбө айылынын тургуну Бекназар Апазканов бул күнү өзгөчө кымыздык (курутту кайнак сууга эзип, жупка, сары май, чөбөгө кошулат) тамагы жасаларын айтып өттү.

"Буга чейин айыл өкмөтү улуттук оюндарды, тамак-аш сынактарын өткөрүүгө каражат бөлүп берип, конкурс уюштурулчу. Пандемия болгондуктан мурунтан келе жаткан жөрөлгө бузулуп калды. Быйыл ат оюндары уюштурулуп жатат.

Биздин айылда деле башка аймактардагыдай көчөдө үйлөр (10-12 үй) чогулуп алып эки күн майрамдашат. Бир күн сүмөлөк кайнатылат. Ал эми 21-март күнү бышкан сүмөлөктү ооз тиебиз. Экинчиден, окуучулар ата-энелерге концерттик программа коюп беришет. Мындан сырткары бул күнү тушоо кесүү өткөрүлөт. Улуттук оюндардан ордо, жоолук салмай ойнотулат. Кечинде аккордеон чертип ыр ырдайбыз. Бул күнү биздин көчөдө спирт ичимдиктери ичилбейт. Чучук, жарма, кымыздык (курутту кайнак сууга эзип, жупка, сары май, чөбөгө кошулат) жасалат. Биринчи тамакка кымыздык, андан кийин шорпо берилет. Аягында беш бармак берилип, эт тартылат.

Буга чейин алас аттоо (отту чоң кылып жагып аттоо) бар болчу. Үч жылдан бери бул ырым айылыбызда аткарылбайт", - деп билдирди Бекназар Апазканов.

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын тургуну Сабира Шейшекеева жылда райондук маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан концерттик программа тартууланып келгенин айтты.

"Жылда уруу, уруу болуп бөлүнүп жана да мамлекеттик мекемелер боз үйлөрүн тигип, райондук маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан концерттик программа тартууланчу.

Быйыл райондогу банктар улуттук тамак-аштын түрлөрүн коюп, кардарларды тейлешти. Ал эми музейде иштеген кызматкерлер ата-энелерди чакырып сыйлашты", - деди Сабира Шейшекеева.

Баткен облусунун Лейлек районунун Чымген айылынын тургуну Элнура Абдирасулова аталган аймакта майрам тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди.

"Нооруз майрамында ар жылы өрүк гүлүн ачып калган сонун мезгил болот. Күн жылып, айлана-чөйрө жашылданган учур.

Бизде деле башка аймактардагыдай майрамда 6-7 үй биригип сүмөлөк жасашат. Анда мал союлуп, келгендерге эт тартылат. Андан соң бир сутка бою сүмөлөктү кайнатабыз. Бул аралыкта жаштар ыр ырдашат. Сүмөлөк бышкан соң баары элге таратылат. Тамак-аштардан палоо, куурдак жасалат. Өзгөчө куруттап (курутту ысык сууга эзип, үстүнө май куюп нан кошулат) жасалат", - деди Элнура Абдирасулова.

Кымбаттуу окурман, сиз жашаган аймакта Нооруз майрамы кандай өзгөчөлүктөр менен майрамдаларын комментарийге жазып толуктаңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mirlan27011987
2021-03-21 11:07:15
Кыргыз элинин урп-адаттарына каада-салттарына, ырым-жырымдарына жакшы кам көрөлүк. Өлкөдөгү унутулуп бара жаткан ырым-жырымдарды жандандыруу үчүн ондогон жылдар талап кылынат. Эгер дагы бир жолу унутуп койсок, анда бул Кудайга акарат келтиргендик болот. Андыктан Нооруз бул каада-салттарыбызды, урп адаттарыбызды, ырым жырымдарыбызды кайра жаратуу кун болсун.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан