Таласта милиция кызматкерлерине боди-камералар жана планшеттер тапшырылды

Талас ОИИБинин милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө 76 боди-камера жана планшеттер тапшырылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.

Маалымдалгандай, мындан сырткары Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлерине 19 боди-камера тапшырылды.

Тапшырылган жабдуулар ИИМдин Ыкчам башкаруу жана координациялоо борборуна туташтырылган.

Борбордо акылдуу камералар аркылуу онлайн режиминде өлкөнүн бардык райондорунда жана шаарларында эл көп чогулган жерлерде кырдаалды көзөмөлдөп турушат.

Андан тышкары милиция кызматкерлеринин бул төш камераларынан аудио жана видео маалыматтарды алууга болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан