"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы Сүлүктү шаардык кеңешинин шайлоосунан четтетилди. Бул тууралуу аталган партиянын мүчөсү Мирбек Мунарбек уулу SUPER.KG порталына билдирди.
"Партия Сүлүктү шаардык кеңешине катышуу үчүн талапкерлердин тизмесин 1-мартта Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясына тапшырган. Мыйзамга ылайык, 24 сааттын ичинде аймактык шайлоо комиссиясы партияны каттоого тоскоолдук кылган документтер боюнча билдирүүгө тийиш. Жогорудагы мыйзам талабын көзгө илбей 8 күндөн кийин, тагыраагы 9-март күнү гана туура эмес толтурулган документтер боюнча билдирүү берип, 11-март күнү мыйзамды одоно түрдө бузуп, партияны каттоодон баш тартты. 13-март күнү "Бүтүн Кыргызстан" партиясы Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. 16-март күнү БШК да аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин туура деп эсептеп, күчүндө калтырды. 18-март күнү партия БШКнын чечимине макул эмес экенин билдирип, Бишкек шаардык административдик сотуна кайрылган. 20-март күнү Бишкек шаардык административдик соту "Бүтүн Кыргызстан" партиясын Сүлүктү шаардык кеңешине катыштырбоо чечимин кабыл алды. Биз ага макул эмеспиз, мыйзамда көрсөтүлгөн убакыттын ичинде Жогорку Сотко кайрылабыз", - дейт Мунарбек уулу.