Ырчы жана куудул Жеңишбек Айтиев менен жубайы 8-ирет ата-эне макамын алышты. Баатыр ата-эне болуп, кубанычы койнуна батпай турган ырчы порталыбызга буларды билдирди.
"Кызым бүгүн, 21-мартта таңга маал төрөлдү. Таңдай аппак, пейили кең болсун деп атын Акжурат койдук. Жубайым экөөбүз буга чейин 4 уул, 3 кызды тарбиялап келе жатканбыз.
Кызыбыз өзгөчө датада, тагыраагы 21-кылымдын 2021-жылындагы 21-күнү төрөлдү", - дейт ал.
Жеңишбек Айтиевдин репертуарында "Беш бармак", "Сүйдүм", "Ошко сапар", "Карагат" аттуу ырлары бар.