17-октябрда Бишкекте түрк композиторлорунун концерти өтөт
17-октябрда Бишкек шаарындагы К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваторияда түрк композиторлорунун концерти өтөт. Программада Кыргызстандын, Азербайжандын, Казакстандын, Тажикстандын, Татарстандын, Түркмөнстандын, Түркиянын жана Өзбекстандын композиторлорунун музыкалары аткарылат. Аткаруучулар: президенттик "Манас" камералык оркестри менен Чүй камералык оркестри. Дирижерлор КРнын Эмгек сиңирген артисттери Эрнис Асаналиев жана Рахатбек Осмоналиев. Солисттер КРнын Эмгек сиңирген артисттери Э.Асаналиев (скрипка), Айганыш Текенова, Гүлшан Конушева жана Виктория Васильева (фортепиано).