Бүгүн, 21-мартта Чолпон-Ата шаарында жайгашкан ат майданында көк бөрү боюнча Нооруз-2021 турниринин финалдык оюндары өттү.
Күйөрмандарды далай ирет демин ичине кыстырып, отурган жеринен тургузган оюн бул албетте "Достук" - "Ынтымак" беттеши болду. Бүйүр кызыткан беттештин 3-бөлүгүндө эсеп саны 4:4 менен аяктап, командаларга кошумча убакыт берилди. Анда да жеңүүчү аныкталбай буллит орун алды.
Анда "Ынтымак" 6:5 эсеби менен жеңишке жетти.