UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов карьерасын токтотуу чечимин кабыл алуу ага кыйын болгонун моюнга алды, бирок ал муну энеси үчүн жасаган. Бул тууралуу спортчу чет элдик басылмаларга билдирген.
"Ар бир мушташ, ар бир машыгуу лагери апамдын өмүрүнүн бир нече күнүн алууда. Ошондо мен эмне кылышым керек? Бул спортко өзүмдүн ким экенимди көрсөтүп, мыкты болуу үчүн келдим, дүйнө чемпиону, мыкты мушкер болдум", - деген Нурмагомедов.
Мушкер каалаганынын баарына жеткенин жана акча үчүн күрөшкө убакыт бөлгүсү келбегенин моюнуна алды. Нурмагомедов анын чечимин эл өзү түшүнөт деп үмүттөнөт, бирок өзү аны кыйынчылык менен кабыл алгандыгын билдирген.