Кыргызстанда жыл башынан бери сасык тумоо менен ооруган 100 миң адам катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, республика боюнча 9 айда 165 миң 860 инфекциялык оорулар менен ооруган адам ооруканага кайрылса, алардын 99 миң 734ү сасык тумоо менен ооругандар болгон.