21-Март - Нооруз күнү Бишкек шаарында китеп фестивалы болуп өттү.
Аталган иш-чара жаңыча көз караш менен заманбап форматта уюштурулуп, калаадагы тойканалардын биринде концерттик программа менен коштолду. Иш-чарага Акбар Кубанычбеков, Максат Жангазиев, Рыскүл Изатова жана башка көптөгөн көрүнүктүү жаш акындар катышты.
Ошондой эле Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрынын актёрлору ырларды мыкты деңгээлде көркөм окуп, театрлашкан программасын аткарышты. Акын Алтынбек Исмаиловдун ырын көркөм окуп интернет жылдызына айланган кичинекей Саян Айтикеев дагы атайын Ош шаарынан бери келгенин айтып, акындар менен бирге ыр окуду.
Ал ортодо акын Алтынбек Исмаиловдун "Агыш түн" аттуу ыр жыйнагынын бет ачары дагы орун алды. Китепкөй конокторго, өзгөчө жаштарга толгон бул саамалыкта мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков сөз сүйлөп, жаштардын китепке болгон сүйүүсү артып бара жатканына кубанып жатканын баса белгиледи.
Билимдүү жаштарга мындай жагымдуу маанайды "Данек" китеп дүкөнү тартуулады.