Москвада полиция кармап кеткен Диана Шурыгина окуянын чоо-жайын айтып берди

Москвада буга чейин полиция тарабынан кармалды делген орусиялык чуулгандуу интернет жылдызы, блогер Диана Шурыгина аны алып кетүүнү коопсуздугу үчүн полициядан өзү суранганын билдирди. Бирок ал эмнеден кооптонгонун ачыктаган эмес.

Ал өзүнө жана мененджерине журналисттерден тынымсыз чалууулар болуп жатканын белгилеп, өзү үчүн тынчысызданып жаткандарга ыраазычылыгын билдирип, каттарга жана чалууларга убагында жооп бере албаганы үчүн кечирим сураган.

"Мени эч ким кармаган жок. Мен батирде болчумун, полициядан мени жана досумду коопсуздугум үчүн келип алып кетүүнү сурангам. Менде баары жакшы", - деди Шурыгина.

Ошондой эле ал полиция түшүнүк кат жаздырып алып эле 10 мүнөттөн кийин коё бергенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Москванын полициясы буга чейин чуулгандуу зордуктоо окуясы боюнча белгилүү болгон Диана Шурыгинаны камакка алганы боюнча маалымат тараган.

Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан