Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады
Президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады. Куттуктоодо:
"Курман айт – кайрымдуулуктун, кечиримдүүлүктүн, боорукерликтин майрамы.
Бул күндү кыргызстандыктар дасторкон жайып, ак тилек, ачык маанай менен тосуп
алышат. Ар бирибиздин жүрөгүбүздө ыйык майрам келечекке зор үмүт жаратат. Курман
айт күнү бардык тилектерди Жаратканыбыз кабыл кылсын. Жакшы ой-максаттар ишке
ашсын. Ыйык Мекке шаарында мусулмандык парзын аткарып жүргөн
кыргызстандыктардын ажылыктары кабыл болуп, мекенибизге аман-эсен кайтып
келишсин. Жараткан Кыргызстаныбызды бөөдө кырсыктан сактасын. Жерибизге тынчтык
жана бейпилдик, элибизге ынтымак жана биримдик берсин! Айтыңар маарек болсун,
урматтуу мекендештер! Кайрымдуулук иштериңер кабыл болсун!”,- деп айтылат.