Пабло Пикассо, бул ысым баарына белгилүү. Сүрөт искусствосунда аты алтын тамгалар менен жазылып калган испаниялык сүрөтчү Пабло Пикассо XX кылымдын эң атактуу сүрөтчүсү. Ал 1881-жылы 25-октябрда Испаниянын Малага деген жеринде туулган. Бир гана сүрөтчү эмес, скульптор, керамист, дизайнер, график, поэт, драматург жана жазуучу болгон. Сүрөт искусствосундагы кубизм стилинин негиздөөчүлөрүнүн бири. Дал ушул атактуу сүрөтчү Пабло Пикассо тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайбыз.
(Пабло Пикассонун кубизм стилиндеги сүрөтү, "Бийлеп жаткан кыз").
1. Пабло Пикассо сүрөт тартууну бала чагында эле баштаган. Сүрөт боюнча алгачкы сабакты атасы Хосе Руис Бласкодон алган. Атасы да сүрөтчү болгон. Бирок Пикассо сыяктуу атактуулукка жеткен эмес. Пабло Пикассо алгачкы сүрөтүн 8 жашында тарткан. Ал сүрөт "Пикадор" деп аталат. (Төмөндөгү дал ошол "Пикадор" сүрөтү)
2. Испаниянын салты боюнча, Пабло атасы жана апасынын аты-жөнүн алган. Анын толук аты-жөнү Пабло Диего Хосе Франсиско де Паула Хуан Непомусено Мария де лос Ремедиос Сиприано де ла Сантисима Тринидад Мартир Патрисио Руис жана Пикассо.
3. Пикассонун биринчи аялы орусиялык балерина Ольга Хохлова. Экөөнүн ортосунда Пауло аттуу уулу болгон. (Сүрөттө Пабло Пикассо жана биринчи аялы Ольга Хохлова).
5. Пикассонун сүрөттөрү дүйнө жүзү боюнча эң көп уурдалган сүрөттөрдүн катарына кирет.
6. Пикассонун "Алжириялык аялдар" (О версиясы) аттуу сүрөтү 2015-жылы өткөн аукциондо 179 миң долларга сатылган. Бул абсолюттук рекорд болгон. (Төмөндөгү сүрөт айтылуу "Алжириялык аялдар" (О версиясы).
7. 2009-жылы атактуу "The Times" гезити 1 миллион 400 миң окурман катышкан сурамжылоо өткөргөн. Анын жыйынтыгы боюнча, Пикассо акыркы 100 жылдагы эң мыкты сүрөтчү деп табылган.
8. Пикассонун экинчи аялы Жаклин Рок болгон. Экөө 11 жыл чогуу түтүн булатышкан. Пикассо Жаклинди алгачкы жолу жолуктурганда Жаклин 26 жашта, ал эми Пикассо 72 жашта болгон. Жаклин анын сунушуна макул болгонго чейин жарым жыл бою Пикассо күн сайын 1ден роза берип турган. Экөө 6 жылдан кийин, тагыраагы 1955-жылы биринчи аялы Ольга Хохлова каза болгондон кийин баш кошушкан. (Сүрөттөгү Жаклин Рок).
9. Пабло Пикассонун никеден сырткары 2 кыз, 1 уулу болгон. Мари-Терез Вальтерден Майя аттуу кызы, Франсуазы Жилодон Клод аттуу уулу жана кызы Палома.
10. Сүрөтчүнүн тили чыккандагы алгачкы сөзү «piz, piz» болгон, ал испан тилинен кыскартып которгондо калем деген маанини түшүндүрөт.
11. 1998-жылы "Гиннесстин рекорддор китеби" Пикассону дүйнөдөгү эң жемиштүү сүрөтчү деп тапкан. Өзүнүн 78 жылдык өмүрүндө 13 миң 500дөн ашуун сүрөт тарткан. 100 000 гравюр, 34 000 китептик иллюстрация, 300 керамикалык жана скульптуралык эмгек жаратуу менен эсебинде 147 миң 800дөн ашуун искусстволук жаратмандыгы бар.
12. 1973-жылдан тарта (Пикассо каза болгон жыл) Пабло Пикассонун көңүлдөшү Франсуаза Жило менен сүрөтчүнүн экинчи аялы Жаклин Рок Пикассонун байлыгын талашкан. Талаштын аягы эки тарап Парижде Пикассонун музейин ачууга макулдашуусу менен аяктаган. Аталган музей 1985-жылы ачылган. (Сүрөттөгү Париждеги Пикассонун музейи).
13. Пикассо 17 жаштагы Мари-Терез Вальтер менен жашыруун жолугуп жүргөн. Мари-Терез Пикассо аялы менен ажырашып, ага үйлөнөт деген кыял менен жашаган. Кийин Пикассо каза болгондо, асынып алган. Маалымат үчүн: Пикассо биринчи аялы Ольга Хохлова менен мыйзамдуу түрдө ажырашкан эмес, себеби Франциянын мыйзамына ылайык, ажырашканда жубайына байлыгынын жарымы берилмек. Жогоруда айтылгандай, Ольганын өлүмүнөн кийин гана экинчи аялына мыйзамдуу түрдө үйлөнгөн. (Сүрөттө Мари-Терез Вальтер).
14. Пикассо өзүн атеист деп эсептеген.