Асылбек Жээнбеков кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 14-октябрда кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады. Куттуктоонун мазмуну төмөнкүдөй:

"Урматтуу мекендештер! Сиздерди Жогорку Кеңештин депутаттарынын атынан жалпы момун мусулмандардын негизги майрамы - Курман айт менен чын дилимден куттуктайм!  Курман айт – ыймандын тазалыгын, пейилдин актыгын, ынтымак-ырашкерликти жана кайрымдуулукту даңазалоо күнү. Кудайдын ушул улуу күнүндө баарыңыздардын каалоо-тилегиңиздер кабыл болуп, журт жакшылыгына багытталган ой-максаттарыбыз ишке ашсын!  

Курман айт – пенде ниетин Жаратканга жалгай турган улуу майрам. Ушул тапта миңдеген мекендештерибиз мусулмандык беш парздын бирин аткаруу үчүн Мекке менен Мединада жүрөт. Алардын ажылык сапарынын байсалдуу, Ыйык Каабада жасаган ибадаттарынын кабыл болуусуна тилектешмин. 

Урматтуу мекендештер! Ар адамдын жүрөк түпкүрүндө жакшы ниет менен илгери үмүт түнөк тапсын. Коомубузда ыйман, мамлекетибизде өнүгүү болсун. Алла-таала белекке берген эгемендүүлүгүбүздү көздүн карегиндей сактайлы. Улуттар аралык ынтымак, өз ара кечиримдүүлүк мындан ары да бекемделип, Кыргызстаныбызга кут даарысын! Айтыңыздар маарек болсун!"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан