Орусиянын президенти Владимир Путин эртең, 23-мартта коронавируска каршы вакцина алат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Бул тууралуу президент коронавируска каршы вакцина алуу боюнча онлайн жыйын учурунда айткан.
"Эмдөөдөн өтүү бул ар бир адамдын өз эрки. Мен дагы эртең сайдырайын деп жатам", - деген Владимир Путин.
Бирок Путин кайсы вакцинаны алары айтылган эмес. Ал эми маалымат кызматы ата мекендик вакцинанын бирөөсүн колдонорун айткан.