Румыниянын "Antena 1" телеканалында түз эфир учурунда жылаңач аял студияга кирип келип, алып баруучу Мирелла Вайдага кол салды. Анда ал "менин акчаларымды бер" деп кыйкырган. Окуя Бухарестте 19-мартта орун алган. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылды.
Маалыматта айтылгандай, кол салган аялдын аты-жөнү аныктала элек. Ал студияга жабылбай калган эшиктен кирген. Колундагы кирпичти алып баруучуну көздөй ыргыткан. Бактыга жараша, алып баруучу буйтап калууга үлгүргөн. Тартуучу топ аялды дароо кармап, "Тез жардам" менен полиция чакыртышкан.
Шоу кайрадан улантылганда, алып баруучу катуу коркуп калганын, өзүнүн коопсуздугуна кабатыр болуп жатканын билдирген. Ошондой эле акыркы айларда ага метродо киши өлтүрүүгө күнөөлүү катары өмүр бою эркинен ажыратылган Магдалена Шербан тарабынан коркутуулар болуп жатканын айткан.
Канал рейтингин көтөрүү үчүн бул сценаны атайын уюштурган болушу мүмкүн. Кароолчусу бар студияга аял оңой кирип кетиши мүмкүн эмес деп айткандар да бар экендиги жазылат маалыматта.