АКШнын Президенти Барак Обама КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана кыргыз элин Курман айт майрамы менен куттуктады. "Америка элинин атынан Курман айт майрамы менен ошондой эле ажылык сапардагылардын зыяратынын бүтүшү менен куттуктайбыз",- деп башталган куттуктоодо Обама президентке жана кыргызстандыктарга бекем ден соолук, иштерине ийгилик, Кыргызстанга гүлдөп өнүгүү каалады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.