АКШнын Колорадо штатында атышуу болуп, он киши каза болду

АКШнын Боулдер шаарынын супермаркетинде атышуу болуп, он адам каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү полиция башчысы Марис Херольдго шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, каза болгондордун арасында бир коопсуздук кызматкери болгон. Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттары алты адам каза болгону жөнүндө кабарлашкан.

"Жабыркаган үй-бүлөлөргө көңүл айтабыз. Атышуудан он киши каза болду", - деди Херольд.

Ошондой эле полиция кызматы кылмышка шектүү делген адам кармалганын кошумчалаган. Ал дагы жарадар болгону жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан