АКШда алты жаштагы бала гүл үзгөнү үчүн сот жообуна тартылды

АКШда алты жаштагы бала кошунасынын бакчасындагы гүлзардан жоогазын гүлүн үзүп алгандыгы үчүн сот жообуна тартылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бул кызык иш Түндүк Каролина штатында каралды. Бала сот отурумуна катышуусу керек болчу. Анткени штаттын мыйзамдары айыпталуучунун жашына карабастан анын жеке өзү катышуусун талап кылат.

Прокурор отурумду өткөрүү үчүн кичинекей айыпталуучуга түстүү китеп жана карандаштарды берүүгө аргасыз болгон. Анткени алты жаштагы балага өз ишине көңүл буруу кыйынга турган.

Жыйынтыгында сот баланын энеси жүйөлүү себептер менен даярдык көрүү отурумуна катыша албай турганы белгилүү болгондо ишти жабуу чечимин чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mr.altynbek
2021-03-23 12:07:40
2-3жыл мурда Пакистанда 4 жаштагы бала болсода керекле сотко чакырылды дегенде баланы укугун бузулду деп чыкканле НПОлор кана ошолор?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан