12-октябрда Ош технологиялык университетинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзүнчө куткаруу отряды, Ош шаардык куткаруу кызматы жана шаардык өрткө каршы күрөшүү башкармалыгы менен биргеликте машыгуу өткөрүштү. Машыгуу Кырсыктардын коркунучун азайтуунун эл аралык күнүнө карата уюштурулду. Максаты - окуу жайдагы студенттердин теориялык алган билимин иш жүзүндө көрсөтүү жана студенттердин өз кесибине болгон кызыгуусун жогорулатуу. Ак-Буура дарыясынын жээгинде куткаруу кызматкерлери окуу жайдын “Өзгөчө кырдаалдардан коргоо” адистигинде билим алышкан студенттер менен биргеликте машыгуу жүргүзүштү.