Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо жыйынтыкталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 420 айылдык кеңештерде шайлоо өтөт. Жалпы 18 миң 772 талапкер айылдык кеңештин депутаттыгына ат салышат.
Шаардык кеңештерге шайлоо алдындагы үгүт иштери 30 күн калганда айылдык кеңештерге 20 күн калганда башталат. 10-апрелде үгүт иштери токтотулат. Жергиликтүү кеңештин шайлоосу 11-апрелге белгиленген.