Германияда 12-октябрь күнү кыргызстандыктардын кезектеги күзгү (Kirgisisches Oktoberfest in Frankfurt) жолугушуусу болуп өттү. Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Германиядагы элчилигинин колдоосу менен Kyrgyz Club-Germany уюму уюштурган. Бул тууралуу 14-октябрда "Замандаш" ассоциациясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууга КРнын Германиядагы элчиси Б.Отунбаев, журналисттер, Германия, Австрия, Голландия, Италия жана Швейцария өлкөлөрүнөн 170 кыргызстандык катышты. Руслан Акундун “Салам, Нью-Йорк” тасмасы жана Каныкейдин концерти менен коштолгон иш-чаранын экинчи күнү Франкфурт шаарына экскурция менен уланып, ырчы Гейдельберг шаарындагы мекендештерибиз менен жолугушту.