Жакында эле социалдык тармактарда бикини кийген жарым жылаңач кыздардын сүмөлөктү кандайча даярдап жатышканын көрсөткөн видео тараган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышкан.
Маалыматка ылайык, укук коргоо органдары видео Ургенч аймагындагы "Сахара" деген түнкү клубда тартылгандыгын кабарлашкан.
Кийинчерээк Хорезм облусунун ички иштер дирекциясынын басма сөз кызматынан ички иштер органдарынын кызматкерлери тийиштүү текшерүүнү башташкандыгын билдиришкен. Ошондой эле кыздар жергиликтүү телекөрсөтүүдөн көрсөтүлдү.
Видео Өзбекстандын социалдык медиа сегментине 21-мартта жарыяланган. Укук коргоо органдары бул ишке социалдык тармактын колдонуучуларынын кескин сындарынан кийин кызыга башташкан. Ички иштер башкармалыгы билдиргендей, 22-мартта видеодогу кыздардын бардыгы суракка чакыртылган.
Хорезмдин ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, кыздарга административдик жоопкерчилик кодексинин 183-беренеси ("майда бейбаштык") боюнча иш козголушу мүмкүн. Бул беренеге ылайык, коомдогу жүрүм-турум эрежелерин атайылап четке кагуу майда бейбаштык деп эсептелинет. Бул үчүн эсептик көрсөткүчтүн беш эселенген өлчөмүндө айып пул салынат же 15 суткага чейин административдик камакка алынышы мүмкүн.