Францияда AstraZeneca вакцинасы менен эмделген 24 жаштагы студенттин өлүмү катталды. Ал 8-март күнү эмдөөдөн өтүп, 10 күндөн кийин, тагыраагы 18-мартта каза болгон. Анын өлүмүнүн анык себеби жана вакцинанын таасири тыкыр изилденип жаткандыгын аталган өлкөнүн Улуттук дары-дармектердин коопсуздугун көзөмөлдөө агенттигине шилтеме берүү менен жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
"Студенттин өлүмү жана ага вакцинанын берген таасири тыкыр изилдөөгө алынат. Азырынча студенттин өлүмүнө вакцина себеп болгон деп айтууга эрте. Бардык жагдайды эске алуу менен вакцинанын клиникалык таасири текшерүүгө алынат", - деп билдиришкен агенттиктен.
"Каза болгон студент Франциянын Нант шаарындагы медициналык окуу жайдын студенти болгон. Анын ден соолугунда башка көйгөйлөр болгон эмес жана ал спорт менен машыккан жигит болчу. Ал эми маркумдун денесине соттук-медициналык экспертиза прокуратуранын чечими менен жүргүзүлгөн", - деп жазылган жергиликтүү басылмалардын маалыматында.
Буга чейин да Норвегияда аталган вакцина менен эмделген эки жаран каза болгондугу жазылган.