Бишкекте унаа оңдоочу жайдан унаа уурдап, из жашырган шектүү кармалды

Бишкекте милициянын ыкчам кызматкерлери унаа уурдоо фактысына шектелген жаранды кармады. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-март күнү борбор калаанын тургуну саат 12:00 чамасында унаа оңдоо жайынын биринде унааны боётом деген шылтоо менен Nissan үлгүсүндөгү унааны мыйзамсыз ээлеп алган. Андан соң из жашырган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары 1995-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө иштеринин жүрүшүндө, жогорудагы унаа Аламүдүн районунан табылып, ээсине кайтарылып берилген.
Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу башка иштерге тиешеси бар же жогу текшерилүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан