Сүрөттөгү адам Орусиянын Екатеринбург шаарынын 25 жаштагы тургуну Иван Ильин. Ал кебетеси азиялык болгон кыздарга мыкаачылык менен кол салууга шектелүүдө. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, мыкаачы Япониянын тарыхына, маданиятына кызыгат. Япон тилинен котормочу. Ошондой эле азиялык кыздардын мыкаачылык менен кордолушун чагылдырган комикс, фильм, китептерге кызыгып, андан эргүү алып, өзү иш жүзүндө байкап көрүүнү чечкен. Ал ушул жылдын январь айында кармалган. Ильиндин курмандыгы болгон кыздар аман калганы менен өмүр бою майып болуп калышты. Анын башка да оор кылмыштарга тиешеси бар болушу мүмкүн деген жүйө менен изилдөө иштери улантылууда.
Үрөй учурган кылмыштары:
Өткөн жылдын сентябрь айынын башында мыкаачы 17 жаштагы кызга подъездден кол салган. Елена (аты өзгөртүлдү) лифт күтүп турганда, артынан келип далысына жана ичине бычак менен 2 жолу сайган. Мунун баары видео көзөмөлгө түшүп калган. Курмандыгын аялдамадан бери артынан ээрчип келген. Еленаны кошуналары кансырап жаткан жеринен көрүп, "Тез жардам" менен оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткиришкен. Кийин кыздын туугандары жергиликтүү телеканалдарга анын бөйрөгүн жана ичегисинин жарымын кесип салууга туура келгендигин билдиришкен. Белгилүү болгондой, Елена Кыргыз өлкөсүнүн жараны, Екатеринбург шаарына конокко келген.

Ильин кийинки кылмышын январь айында жасаган. Анын кезектеги курмандыгы 19 жаштагы Б. кызы Г. болгон. "Мен флорист болуп иштейм, адатта жумуштан 22:00дө чыгам, бирок ал күнү эрте бошогом. Күндөгүдөй эле трамвайга отуруп, "Уралмаш" метросунун станциясынан түшүп калгам. Ал жак киши көп жүргөн эле жер болчу", - деп баяндаган. Иван анын артынан эки имаратты бириктирип турган аркага чейин ээрчип барып кол салган. "Баарын элес-булас эле эстеп жатам. Бычактын катуу соккусунан инстинктивдүү түрдө башымды сол колум менен тостум, андан кийин 2 жолу бычактын ачуу кесип кеткенин сездим. Ошол маалда арка жакка унаа келип калды, мыкаачы коркуп качып кетти. Мен колум менен жаңсап, унааны токтотуп жардам сураганга аракет кылып жаттым. Ошол маалда гана ортоңку бармагым жок экенин жана чыпалагым араң эле териде асылып турганын көрдүм. Жаныма бир жигит менен кыз чуркап келди, бирок мен эмне болгонун түшүндүрө албай, колумду нес абалында карап турдум", - деп көзүнө жаш алып баяндаган ал. Кыздын ортоңку бармагын таап, "Тез жардам" чакыртышкан. Анын баш мээси да чайкалган. Чыпалагын тигип беришкен, бирок ортоңку бармагын тигүүгө мүмкүн болгон эмес. Бул окуядан катуу коркуп калгандыгын, дагы деле дарыланып жаткандыгын айткан. Апасы менен Кыргыз өлкөсүнөн Екатеринбург шаарына мындан 16 жыл мурун көчүп келишкен.

Ильинди полиция кызматкерлери 16-январда үйүнөн алыс эмес жерден кармашкан. Териштирүү иштеринде белгилүү болгондой, мыкаачы мурда соттолгон эмес, үй-бүлөсү жок, япон тилинен котормочу, жакшы сүрөт тартат, сүрөттөрүн сатып акча таап келген. Психиатрдын каттоосунда турган эмес, үйүнөн көптөгөн бычак сыяктуу курал-жарактар табылган.
Жабырлануучу Б. кызы Г.нын жактоочусу жабырлануучулар ден соолугуна келтирилген чыгымды төлөтүү үчүн арыз берүүгө укуктуу экенин жана дарылануу узакка созуларын эске алуу менен компенсациянын суммасын туура көрсөтүүнү айткан. Укук коргоо органдары жабырлануучуларга компенсация төлөтүү маселеси боюнча Ильиндин ата-энеси менен байланышууга аракет кылышкан. Бирок алар байланышуудан баш тыртышкан. Белгилей кетүүчү жагдай, Ильиндин ата-энеси колунда бар адамдар.
Учурда Ильин психиатриялык экспертизадан өтүү үчүн атайын стационарда кайтаруу менен жатат. Июнь айларында толук изилдөө иштеринен кийин иши сотко жиберилерин билдиришкен.
Иван Ильин тууралуу:
Иван Ильин тууралуу маалымат аз. Орто мектепти бүткөн соң Курган шаарынан Екатеринбургга көчүп келген. Урал федералдык университетинин чыгыш таануу-лингвистика факультетине тапшырган. Магистр даражасындагы диплому бар. Япон маданиятына, тарыхына кызыгат. Япон тасмаларына, видеороликтерине субтитр даярдоо менен алектенген. Вконтакте социалдык түйүнүндөгү баракчасына өзү которгон чыгармаларды, китептерди жарыялап турчу. Андан сырткары азиялык кыздарга карата болгон зордук-зомбулукту чагылдырган комикс, пьесаларды байма-бай чыгарып турган. Акыркы постунда финансылык оор абалда экенин, котормолору менен жан багып жатканын жазып, "балким, менин аурам ушундайдыр... мени менен эч ким иштешкиси келбейт..." деп жазган.
Ошондой эле ал кылмыштарын баяндаган күндөлүк да жазчу. Анда биринчи курмандыгы аман калганын жаңылыктардан укканда, кийинкисин сөзсүз өлтүрүү керектигин жазган.
Учурда териштирүү иштери жүрүп жаткандыгы жана анын курмандыгы болгон жарандар изделип жаткандыгы кабарланган.