Жакында эле социалдык тармактарда бикини кийген жарым жылаңач кыздардын сүмөлөктү кандай даярдап жатышканын көрсөткөн видео тараган.
Бул боюнча Хорезм облусунун ички иштер дирекциясынын басма сөз кызматынан ички иштер органдарынын кызматкерлери тийиштүү текшерүүнү башташкандыгын билдиришкен.
Видеодогу кыздар табылып, аларды укук коргоо органы "майда бейбаштык" беренеси менен күнөөлүү деп таап, 15 күнгө камакка алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ал эми дагы 3 катышуучуга 116 доллардан айып салынды.
Видео Өзбекстандын социалдык медиа сегментине 21-мартта жарыяланган. Укук коргоо органдары бул ишке социалдык тармактын колдонуучуларынын кескин сындарынан кийин кызыга башташкан. Ички иштер башкармалыгы билдиргендей, 22-мартта видеодогу кыздардын бардыгы суракка чакыртылган.