Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы жаратылыш газы боюнча келишим 2013-жылдын аягында бүтөт

"Кыргызгаз" менен "УзТрансГаз" ишканаларынын ортосунда 290 доллардын 100 миллион метр куб жаратылыш газын берүү боюнча түзүлгөн келишим 2013-жылдын аягына чейин иштейт. Бул тууралуу "Кыргызгаз" билдирет. Маалыматка ылайык, "Кыргызгаз" ишканасы учурда "КазТрансГаз" менен 2013-жылдын аягына чейин жаратылыш газын берүү боюнча келишим түзүү маселесин карап жатат. 2013-жылдын 17-апрелинде Казакстан менен 242 миллион метр куб газ берүү боюнча келишимдин мөөнөтү бүткөн эле. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан