Эмгек сиңирген артист Гүлзада Рыскулова жергиликтүү кеңешке шайлоого аттанат

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлзада Рыскулова жергиликтүү кеңешке шайлоого аттанат. Ал "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тизмесинде. Ырчы буга чейин элине чыгармачылыгын арнап кызмат кылса, эми мамлекеттик ишмер катары да кызмат жасоого аттанганын билдирет.

"Мен аттандым. Мекендин, эл-жердин алдындагы улуу милдет, ыйык парыз деген сөздөрдүн тереңдигин, балким, мен кийин гана, жогорку класстардан аңдап түшүнгөндүрмүн. Бирок ойлоп көрсөм тээ табиятымдан, кичине кезимден эле балалык туюмдарым, секелек сезимдерим эл, жериме ушунчалык жакын болуп “мен кыргыз кызымын” дегенде кан-жаным толкун тартып ойноп турчу экен.

Элибизге, жерибизге болгон сүйүү кийин чыгармачылык дүйнөмө, ырларыма, обондорума оргуштап кирди, ырлардагы каармандарымдын эрк-кайраты, кыргызга кылган кызматы, улук сапаттары мени дагы чыңалтып, чыйралтып, милдет деген вазыйпамды дагы да андан ары кененинен жана тереңинен тааныта берди.

Мекенибиз отуз жыл бою оңоло албай, ичибизди от, жүрөгүбүздү чок кылып келет. Ошондуктан мен аттандым. Эл-жерге болгон сүйүү жана кызмат болмоюнча мекенди өстүрүү, гүлдөтүү, бүтүндүгүн сактоо кыйын. Мекендин бүтүндүгү ар бирибиздин колубузда", - дейт ал.

Буга чейин шоу-бизнес өкүлдөрүнүн арасынан ырчы Анжелика шаардык кеңешке шайлоого аттанып жатканы белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
SHMIT
2021-03-24 14:25:58
Дагы ким депутат болгусу келди
+1
Asmat84
2021-03-24 15:00:07
Манастан Чубак кем бекен аа
+2
JaneEr
2021-03-24 17:34:58
Сен эле калдын эле озу
+3
nazira...
2021-03-24 18:35:59
Кап сенин ырдаганыны жакшы укчу элек, жөн эле койбопсун да. Сенен күтпөдүм эле.
+3
Sajakat14
2021-03-25 03:49:15
Гүлзада эже сиз политикага аралашып кетсеңиз болбойтго. Сиз жакшы ырдаган ырчысыз. Ким Гүлзада Рыскулова болуп ырдап берет кыргыз элине анан?
+2
Aiymkunumjyldyzym
2021-03-25 08:06:24
Жон эле койбопсуз дебей эле койгула.Ансыз деле Бутун Кыргызстан отпойт.Канча жылдан бери отпогон эми ырчылар кошулганда отмок беле.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан