
Дүйнөдөгү эң ири "Адамзаттын саякаты" деп аталган картина Дубайда өткөн аукциондо 62 миллион долларга сатылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, британиялык сүрөтчү Саша Жафри тарткан сүрөт 1 жарым миң чарчы метрден ашуун аянтты ээлейт. Муну төрт баскетбол аянтчасы менен салыштырууга болот. Картина 70 бөлүктөн турат. Алгач аны аукциондо бөлүктөргө бөлүп сатуу пландаштырылган. Бирок бул полотнону Дубайда жашаган жана криптовалютага адистешкен компанияны жетектеген Француз жараны сатып алган.
Аукциондун уюштуруучулары киреше күтүлгөндөн эки эсе көп болгонун айтышкан. Ошондой эле каражаттын бир бөлүгү кайрымдуулукка жумшалары айтылат.
"Адамзаттын саякаты" картинасы "Гиннесстин рекорддор китеби" тарабынан полотнодогу эң ири сүрөт катары таанылган. Жафри аталган сүрөттү 2020-жылдын сентябрь айынын аягында тартып бүткөн, бул коронавирус пандемиясы учурунда өз чыгармаларын интернет аркылуу сүрөтчүгө жөнөткөн 140 мамлекеттин балдарынын сүрөттөрүнө негизделген деп жазылат маалыматта.