Бишкектеги Г.Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде 18-октябрь күнү француз фото-сүрөтчүсү Эрик Гурландын "Ички жагынан кароо: Кыргызстандагы абактагылардын жашоосу" аттуу көргөзмөсү ачылмакчы. Сүрөтчү Кыргызстандын балдар, аялдар жана эки эркектер отурган колонияларын кыдырган. Гурлан сүрөттөрдө алардын жана ал жакта иштеп жаткандардын жашоосун жана эмоцияларын ачып бергенге аракет кылат. Көргөзмө октябрь айынын аягына чейин уланат.