Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басарлары Мадамин Каратаев менен Нурболот Үсөнбаев кызматтан бошотулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Каратаев тастыктады.
"Өкмөттүн түзүмү өзгөргөн үчүн кызматтан бошотулдум. Башка кызматка барамбы же жокпу билбейм", - деди ал.
12-февралда премьер-министр Улукбек Марипов "Өкмөттүн жаңы түзүмүнүн бекитилишине жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин реформасына байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" буйрукка кол койгон.