Пранк үчүн унааны айдап качкан блогерлер 7 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн

Москвада пранк үчүн унааны айдап качкан блогерлер 7 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, 3 блогер тамашалуу пранк тартыш үчүн бизнес класстагы такси чакырышкан. Буюртма түшкөн жерге келген премиум класстагы БМВ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жүктөрдү унаанын артына салып жаткан учурда пранкерлер унааны айдап качышкан. Бир нече мүнөттөн кийин блогерлер кайра артка кайтып, айдоочуга бул тамаша экенин айтышкан. Бирок таксист укук коргоо органдарына арыз жазып, аларды жоопко тартууну өтүнгөн. Учурда блогерлердин бири убактылуу кармоочу жайга киргизилсе, калган экөө үй камагына алынган.

Мыйзамга ылайык, алар 7 жылга чейин эркинен ажыратылуусу мүмкүн.

Пранк үчүн унааны айдап качкан блоггерлер
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Real_mir
2021-03-26 06:45:11
7 жылга камап чыккандан кийин пранк деп койсо
+24
Kombi
2021-03-26 08:45:20
Закон кабыл алуу керек пранк боюнча адам урдоо намыска Тийуу жб
+10
Asmat84
2021-03-26 13:55:53
Кыргызча сүйлөгөндөй болуп кеттиби
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан