Жалал-Абадда өрт кырсыктарын алдын алуу үчүн коомдук жайлар текшерүүгө алынды

Жалал-Абадда өрт кырсыктарын алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери экотехинспекция, ӨКМ кызматкерлери менен биргеликте шаар ичинде жайгашкан тамактануучу жайларды, бала бакчаларды, мекеме-ишканаларды текшерүүгө алышты.

"Тиешелүү талаптар сакталбаган жайларга эскертүүлөр берилип, кетирилген кемчиликтерди жоюу талаптары коюлду. Ошондой эле милиция кызматкерлери өспүрүмдөрдү бөөдө кырсыктан сак болууга чакырышты. Коомдук жайларда жана өз үйлөрүндө электр шаймандарын колдонууда этият болуп, сөзсүз түрдө өчүрүлгөндүгүн текшерип, тилсиз жоонун алдын алуу керектиги айтылды", - деп жазылат билдирүүдө.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан