Бишкек: Муфтий менен Чек ара кызматынын төрагасы жолугушту
Муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев менен КРнын Чек ара кызматынын төрагасы Курманакун Матенов 13-октябрда жолугушту. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы маалымдады. Жолугушууда муфтий Чек ара кызматынын ажылык сапарга колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, Матенов жетектеген Чек ара кызматына белек катары Куран китебин тапшырды. Тараптар мындан ары да кызматташууга даяр экендиктерин билдиришип, алдыдагы кызматташтыктар жөнүндө сөз кылышты.