Казакстандын Павлодар облусунда 11-октябрда "Кыргызстан" коомдук бирикмесинин 5 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу "Замандаш" ассоциациясынын басма сөз кызматы 14-октябрда билдирди. Иш-чарага Павлодар облусунун акими, аталган ассоциациянын өкүлдөрү, казак элинин облустук ассамблеясынын мүчөлөрү, этномаданияттык бирикмелердин жетекчилери жана Казакстандагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү катышты. Анда кыргыз улуттук консерваториясынын студенттеринин жана эл аралык сынактардын катышуучусу Мария Наумованын катышуусунда концерттик программа, улуттук ыр, бий тартууланып, "Манас" айтылды.