Бүгүн, 26-мартта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Өзбекстанга барып келген иш сапарынын жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйын берүүдө.
Анда ал чек ара маселесинин чечилиши тууралуу журналисттерге маалымат берүүдө.
"Ар бир жер Кыргыз тарапка дагы, Өзбек тарапка дагы керек. Сүйлөшүү аябай кыйын болду. Түнкү саат 2ге чейин макулдашуулар болду. Өзбек тарапка сүйлөшүү үчүн ыраазычылык билдирем. Алар бизди каршылаш көргөн жок. Өнөктөш катары көрүштү", - деди ал.