Ташиев: "Чек ара маселелерин чечүүдө жер тилкелерин өткөрүп берүү болбойт, алмашуу гана болушу мүмкүн"

Бүгүн, 26-мартта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Өзбекстанга болгон иш сапарынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын өттү.

Ал Кыргыз мамлекети менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара маселесин кароодо мындан ары жер тилкелерин өткөрүп берүү болбой турганын айтып, эми алмашуу гана болушу мүмкүн экенин белгиледи.

“Орто-Токой суу сактагычы биз тарапта калды. Бирок анын үстүндөгү суунун 95 пайызын Өзбек тарап колдоно турганын билесиздер. Кыргыз-Өзбек чек арасында талаш-тартыш жараткан жерлер калган жок. Көк-Серек айылы 105 гектар жер, Ала-Букадагы Баястан участогунда 212 гектар, Кара-Сууга караштуу Ак-Ташта 100 гектар, Үңкүр-Тоодон 35 гектар, Үңкүр-Тоо тоосу толук бойдон биз тарапка жазылды. Кара-Белес участогунан 25 гектар жерди кайрадан алдык. Орто-Токой суу сактагычынын эсебинен бизге өттү.

Гавасай деген участок бар. Ал Жалал-Абад жана Наманган облустары чектешкен жерде, ошол жерде сүйлөшүүлөр эки күндүк талаш-тартыштан кийин 8 миң гектар жер биз жакка жазылды. Бул жерде кыргыз айылдарынын жайлоосу бар, жер толук бизге жазылмай болду. Эми чыр-чатактар болбойт. Шахрихансай плотинасынын баш жагынан 50 гектар жерди бердик, бирок ошол эле 50 гектарды Өзгөндүн баш жагынан ала турган болдук. Жер менен алмаштык", - деди Ташиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан