Назир Асанбердиев: "Эмгек" деген сөздөн ишке өтө турган партия"

Бишкек шаарынын өсүп-өнүгүшүнө өз салымын кошууга бар күчүн жумшоону эңсеген, коомубуздун алдыңкы катарындагы, демилгелүү жана улуу максаттарга умтулган жаштарыбыз жок эмес. Ушундай жаштарыбыздын бири “Эмгек” саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына аттанган Назир Асанбердиев.

  • Саламатсызбы? Назир мырза, алгач өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз?
  • Саламатсыздарбы. Мен Асанбердиев Назир Медетбекович 1985–жылы 16-июлда туулгам. Өзүм Талас облусунун кулуну болом. Кыргыз Улуттук университетин аяктагам. Кесибим саясат таануучу. Учурда Бишкек шаарында жашап, энергетика тармагында иш алып барып жатам.

  • Шаардык кеңешке аттанууга эмне себеп болду?

  • Келечекке болгон пландарыбыз өтө эле чоң. Азыр коомубуз ашкере саясатташып, баарын оозубуздун учу менен эле бардык маселени чечип, өзүбүздү кыйын сезип калбадыкпы?! Ошондуктан мен да үйдө жатып алып, элдин көйгөйүн айтып, ар кимди сынап отура бербейин, мамлекетибизди өнүктүрүп жана элибиздин көйгөйлөрүн иш жүзүндө чечүүгө өз салымымды кошсом деген ой-максатта Бишкек шаардык кеңешине депутаттыкка ат салышууну чечип, “Эмгек” партиясы менен шайлоого баратам. Анткени азыр эле айтып кеткендей диван эксперттери көп болуп кетти го. Демек, сөздөн ишке өтүшүбүз керек.

  • Сиздердин партиянын программасында Бишкек шаарын өнүктүрүү боюнча эмнелер каралган, кандай максаттары бар?

  • Менин кесибим саясат таануучу болгондон кийин өзүм да бул партияга келгенге чейин башка партиялардын Бишкекти өнүктүрүү боюнча кандай программалары бар экенин карап, максаттары менен жакшылап таанышып чыктым. Анан алардын кандай жетишкендиктери бар экенин да таразалап, баарына кылдаттык менен көз салып, анан гана “Эмгек” партиясына кирүүнү туура көрдүм. Себеп бул партиянын максатын, программасын жакшылап карасаңыздар куру убадалардан алыс, шаарды өнүктүрүү үчүн аткара ала турган конкреттүү иштерди программасына киргизгендиктен менин купулума толуп, көз караштарыбыз төп келишти. Мисалы, программада шаарыбыз үчүн эң маанилүү жана зарыл болгон социалдык жардам алууну жеңилдетүү, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды жумуш менен камсыз кылып, аларга шарт түзүү, жашыл экономика, шаарды көрктөндүрүү, транспорт саясаты, экологиялык коопсуздукту камсыздоо жана шаардын ичинде туризм тармагын өнүктүрүү сыяктуу жакшы долбоорлор бар.

  • “Эмгек” саясий партиясынын өзөгүн кимдер түзөт?

  • Биздин партия эмгекчилердин, өндүрүшчүлөрдүн жана жаратмандардын партиясы. Биздин партиянын көпчүлүк мүчөлөрү өз эмгеги менен жүздөгөн ишканаларды ачып, он миңдеген жумуш орундарды түзүп беришкендер. Ушул жерден өзгөчө бир нерсени белгилей кетсем, “Эмгек” саясий партиясы менен кыргыздын чыгаан, тажрыйбалуу уул-кыздары шаардык кеңештин депутаттыгына талапкер катары шайлоого бара жатат. Шайлоого аттанган талапкерлердин жаш курагын алып карасак, болжол менен 27 пайызы 20 жаштан 30 жашка чейинкилер, ал эми 34 пайызы 31 жаштан 40 жашка чейинкилер.

Демек, биздин партиябыздын талапкерлери күчкө толуп турган, өзүнүн келечегин Бишкек шаарына байлап, өнүккөн, гүлдөгөн шаарды курууну эңсеген адамдар десем жаңылышпайм. Ошондой эле мен ишенем, биз шаардык кеңешке келсек, партиябыздын программасын толук ишке ашырабыз.

“Эмгек” саясий партиясынын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Омуралиева тарабынан каржыланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан