Өкмөт: "Жакын арада 1200 мектеп 25 миң заманбап компьютердик техника комплекти менен жабдылат"

Биринчи вице-премьер-министри Артём Новиков Дүйнөлүк банк кеңсесинин башчысы Навид Накви менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө белгиленгендей, Дүйнөлүк банк саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо, билим берүү, айыл чарба, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, экология жана башка тармактардагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча Өкмөттүн ишенимдүү өнөктөшү болуп саналат.

Биринчи вице-премьер-министр Дүйнөлүк банкка экономикалык кризистин кесепеттери менен күрөшүү жана коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу боюнча чараларды ишке ашыруу алкагында көрсөтүлгөн көмөгү үчүн ыразычылык билдирди.

Жакын арада биргелешкен долбоорлордун алкагында 1200 мектеп 25 миң заманбап компьютердик техника комплекти менен жабдылат. Республикалык ооруканада компьютердик томографтарды орнотуу боюнча иштер ыкчамдатылып, ишке киргизилип жаткан "Мектеп медицинасы" долбоорунун алкагында мектептердеги медициналык кабинеттерди жабдуу тууралуу маселе иштелип чыгат, ошондой эле айыл чарбаны, кичи жана орто бизнести колдоого алуу боюнча долбоорлор талкууланды.

Новиков белгилегендей, өкмөт тараптан долбоорлорду ишке ашырууда кечиктирүүлөр болбойт. Ошондой эле Кыргыз Республикасындагы экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүүгө багытталган, аны ишке ашырууда Дүйнөлүк банктын катышуу ыктымалдыгы каралган сунуштар жана долбоорлор даярдалмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mirlan27011987
2021-03-27 09:55:59
Ким мектеп ачса, ал түрмөнү жабат.
Билим акылдын жүзү. Билим берүү төрөлгөндөн баштап, өлгөндө гана бүтүшү керек. Бир гана жакшылык бар ал - билим, бир гана жамандык бар - ал сабатсыздык. Билим берүү адамдардын ортосундагы айырманы түзөт. Билим сага жашоодо кордукка туруштук берүүгө жардам берет.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан