Чарчап, чаалыккан "Спартак". Унутта калган убада. Бишкекке салынбай калган стадиондун тагдыры

Баарыбыз билгендей Бишкекте көзгө басар эле Спартак стадиону бар. Ал дагы 80 жыл мурда курулган. Эскилиги жетип, түртүп койсоң урап калчудай абалда. Бирок ошого карабай айланын жоктугунан ар кандай беттештер ошол жерде өтүп келет. Эсиңиздерде болсо 2019-жылы Азия Кубогу Бириккен Араб Эмираттарында өтүп, анда Кыргыз улуттук курама командасы алгачкы ирет катышууга укук алган. Жыйынтыгында "Ак шумкарлар" жакшы көрсөткүч көрсөтүп алкоого татыган. Күйөрмандар аларды мекенине келгенде абдан жакшы тосуп алып, ошол кездеги өлкө башчыларынан жаңы стадион салууну талап кылышкан.

Андан соң ошол кездеги өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкекке "Спорт шаарчасын" куруу үчүн Чыңгыз Айтматов проспектиси № 86/2 дарегинен 12 гектар жер бөлүп берүү боюнча токтомго кол койгон. Андан бери 3 жылга чукул убакыт өттү, бирок эл аралык талаптарга жооп бергидей стадион мында турсун андан бери жөнөкөй спорт аянтчасы дагы курулган жок. Жакында массалык маалымат каражаттарына аталган жер министрликтер үчүн имараттарды салуу үчүн чечилгени тууралуу маалыматтар чыккан. Биз бул боюнча биз тиешелүү органдарга кайрылып көрүп, канааттандырарлык жооп алган жокпуз.

Стадион салуу боюнча токтом чыкканда эл ичинен азаматтар чыгып, колдон келген жардамын көрсөтөрүн да айтышкан. Ал турсун архитекторлор өз сунуштарын берип, эскиздерин чийип беришкен. Алардын бири Рахат Байтелиев болгон. Ал боз үй формасындагы 35 миң адамды батыра алчу спорт комплексин сунуштаган. Бирок ал долбоор азырынча кагазга чийилген боюнча гана турат.

"Мен өзүм футбол сүйүүчүлөрдүн катарын толуктайм. Өзүбүздүн курама команданын күйөрманымын десем дагы болот. Акыркы жолу Австралия менен беттеш болуп, билетим бар болсо да стадионго кире албай калгам. Себеби адамдын көптүгүнөн кирүү мүмкүн эмес болчу. Ошондо жаңы стадион салуу керек экен деп ойлоп койгом. Кийин дал ушул эскизди чийип сунуштадым. Жаштар жана дене тарбия департаменти кызыгып жатты, кийин унулуп кетти. Эгер ушул ишке ашып калса, мен бекер сызып бергенге даярмын",- дейт Байтелиев.

Учурда Бишкек шаарында Спартак өңдүү чоң стадион жок. Кожомкул атындагы спорт сарайы менен, Ак-Кула ат майданы гана бар. Ал жайлардын деле эскилиги жетип, түртүп койсо урап калчудай абалда. Айланын гана жоктугуна пайдаланылып келет. Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун башкы архитектору Садыкбек Түмөнбаев Советтер союзу учурунда Бишкекте дагы эки стадион болгонун айтат.

Учурда ал жерлердин бири жеке менчикке өтүп кетсе, экинчисинин тагдыры табышмак.

"Бишкекте олимпиадалык стандартка жооп берген спорт сарайлар жетишсиз. Убагында Фучикте стадион бар болчу,азыр деле ачык бойдон турат. Бирок аны биз билбейбиз, сатылып кеттиби же сатылган эмеспи. Негизинен ал стадионду оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, кайра иштетсе болот. Андан тышкары азыркы Азия молл соода жайы курулган жерде да жакшынакай стадион бар болчу",-дейт Түмөнбаев.

Өзгөлөр башкы приоритетке коюп жаткан спортту биздин өкмөт талкалап бүттүбү?

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан