Курман айт майрамына карата өлкөдө милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт
Курман айт майрамына карата бүгүн, 15-октябрда өлкөнүн бардык аймагында милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Майрам учурунда жарандардын коопсуздугун сактоо жана коомдук тартипти камсыздоо максатында күчөтүлгөн тартип киргизилгени айтылды.