Бириккен Улуттар Уюмунун түзүлгөн күнүнө карата, 19-октябрда Бишкек шаардык кеңештин колдоосу менен "Жашыл шаар" аттуу ишембилик өткөрүлөт. Бул күнү борбор шаардагы 5 сейил бак тазаланат. Ишембилик жаштардын, студенттердин, БУУнун кызматкерлеринин, эл аралык уюмдардын катышуусунда саат 10:00дөн 13:00гө чейин өтөт. Негизги иш-чара Ахунбаев-Алматы көчөлөрүнүн кесилишиндеги Ботаникалык бакчада болот.