Күнү-түнү кыдырып, орун басарларым эс алып жатканда иштедим, мындай кызматкерлердин кереги жок. Бул пикирин саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев COVID-19га каршы эмдөөнүн биринчи этабынын башталышындагы маалымат жыйын учурунда билдирди.
"Мен 5-6 ай иштеп, иштин натыйжалуулугун көрдүм. Орун басарларым эс алып жатканда, мен иштеп жаттым, андай орун басарлардын кереги жок. Анткени бизге элдин жашоосун оңдоп кетүүгө мүмкүнчүлүк берилген", - деди ал.
Эскерте кетсек, өткөн аптада саламаттыкты сактоо министринин орун басарлары Мадамин Каратаев менен Нурболот Үсөнбаев ээлеген кызматынан бошотулган. Алардын ордуна Улук-Бек Бектурганов жана Жалалидин Рахматуллаев дайындалганы маалымдаган.