Бүгүн, 15-октябрь - Курман айт майрамында Президент Алмазбек Атамбаев өзү туулуп өскөн Аламүдүн районундагы Арашан айылындагы мечитке барып, Айт намазга катышты. Андан кийин президент "Ата бейит" мемориалдык комплексинде болуп, 2010-жылдын 7-апрелинде каза болгондорду эскерди. Баатырларга арналып куран окулду.