SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына окурман кайрылды. Анда ал адамдар өтчү тротуарда кудук бир жылдан бери ачык турат дейт.
"Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодский айылындагы базардын жанындагы адамдар өтчү тротуарда темир кудук бир жылдан бери ачык турат. Бул адамдар үчүн коркунучтуу да. Жергиликтүү бийлик укпай койду", - деп кайрылган окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.