Бишкек шаардык мэриясында кадрдык өзгөрүү орун алды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
"Ленин административдик районунун башчысы Чынасыл Чыныбаев кызматтан бошотулду. Аталган аймактын акими болуп Мелис Өскөмбаев дайындалды. Тийиштүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов кол койду", - деп билдиришти Бишкек шаардык мэриясынан.
Белгилей кетсек, бүгүн, 29-мартта УКМК бюджеттик каражаттарды туура эмес сарптоо фактысы боюнча Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык администрация башчысынын бири кармалганын маалымдаган.