Концерт койгону бара жаткан. Бишкек-Ош жолунда бир жоокердин өмүрүн алган жол кырсыгынын чоо-жайы

Буга чейин Бишкек-Ош унаа жолунда унаа оодарылып кетип, Куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөп жаткан аскер каза болгону кабарланган.

Борбордук штабдын маалымат кызматы окуянын чоо-жайын билдирди:

"Бүгүн, 29-мартта Куралдуу күчтөрдүн борбордук үйүнөн өлкөнүн түштүк регионуна концерт койгону бара жаткан аскер кызматкери жол кырсыгынан каза болду. Бишкек-Ош жолунда аскердик унаа оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен Н.А. аттуу аскер кызматкери каза болуп, дагы бир жоокер колунан жаракат алган.

Алдын ала айтылган маалыматка караганда, катаал аба ырайына байланыштуу аскердик унаанын айдоочусу руль башкара албай калган. Бул факты боюнча Аскердик прокуратурага кабар берилип, кызматтык иликтөө жүргүзүлөт", - деп билдиришти аталган кызматтын басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан