Иранда өлүм жазасына тартылып жаткан жарандын жакындары, анын өлүмүн көргөнү келген элдин арасына жардыргыч зат ыргытышты. Жарылуудан 30дай адам жаракат алганын чет элдик ММКлар жарыялашты.
Окуя Илам шаарындагы түрмөлөрдүн биринин жанында болуп, кырсыктан түрмөнүн жана полиция кызматкерлери, топтолгон карапайым адамдар жаракат алышты. Кылмышка шектүүлөр граната жардыруу менен жакынын өлүм жазасына тарттырбай калмакчы болушуптур. Бирок алар ойлогондой болгон жок. Экинчи жардыргыч затты ыргытууга үлгүртпөй күнөөлүүлөр кармалып, андан кийин алардын бир тууганы дарга асылып өлтүрүлдү.
Кошумчалай кетсек, 2012-жылы Иранда 500 адам өлүм жазасына тартылган. Оор кылмышка шектелип өлүм жазасына тартылгандар дарга асуу жолу менен өлтүрүлөт.