Казакстандын Алматы шаарында өтүүчү "Бастау" эл аралык фестивалы 16-октябрда башталат. Фестивалда жаш режиссёрлордун тарткан тасмалары көрсөтүлөт. Ага кыргызстандык жаш режиссёрлор Елизавета Стишованын "Чайка" ал эми Канат Жолочиевдин "Капитан Курбат" аттуу тасмалары катышат. Европа, Азия жана америкалык режиссёрлор да иш-чаранын күбөсү болушат.